Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Италияда мигрант окуучулардын ата-энелери Конституциялык сотко арызданды


Мигранттардын тобу Италиянын Конституциялык сотуна элге билим берүү министринин буйругун Баш мыйзамга каршы деп табуу өтүнүчү менен кайрылышты. Аталган министрликтин 2010-жылда кабыл алынган буйругуна ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелерде ар бир класста мигрант окуучулардын эң жогорку саны 30 пайыздан ашпоого тийиш. Элге билим берүүнүн аймактык бөлүмдөрү мигрант окуучулардын саны бекитилген чектен ашса класстарды, кала берсе мектепти жабууга укуктуу.

"Азаттыктын" кабарчысы Всеволод Гнетийдин айтымында, Миланда жогорудагы буйрука ылайык, этникалык көптүктү түзгөн Radice мектебинде башталгыч класска жазылгандардын 17синин 15и чет өлкөлүк болгондуктан жабылган. Билим берүү министрлигинин мындай буйругу Конституцияда көрсөтүлгөн бирдей билим алуу укугуна каршы келет деген пикирде мигранттар Конституциялык сотко кайрылышты.

Учурда Италияда 673 800 чет элдиктердин балдары билим алат.

XS
SM
MD
LG