Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Палестин төбөлсүздүгү ЮНЕСКОдо колго салынат


ЮНЕСКОнун аткаруу комитети уюм мүчөлөрүнө Палестинаны мүчө кылып кабыл алууну сунуш кылат.

Мындай чечимди АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон “түшүнүксүз кадам” деп атап, бул уюмду Кошмо Штаттар тарабынан каржылоону азайтышы ыктымал деп эскертти.

Палестиндер үчүн ЮНЕСКОго мүчө болуу - автономияны төбөлсүз мамлекет катары таанытуунун акыркы мүмкүнчүлүгү.

Палестин лидери Махмуд Аббас сентябрда Бириккен Улуттар уюмуна мүчөлүккө өтүү жөнүндө расмий арыз берген. Арыз азыр каралууда.

Палестин автономиясы 1974-жылдан бери ЮНЕСКОдо байкоочу макамына ээ. Мүчө болуу үчүн уюмга мүчө 193 өлкөнүн үчтөн экисинин колдоосу зарыл.

XS
SM
MD
LG