Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Apple корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири дүйнө салды


Apple корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кечээ жакынга чейин компанияны жетектеген Стив Жобс 56 жашында көз жумду.

Жобс жана анын өнөктөштөрү 1970-жылдардын аягында түптөгөн Apple дүйнөдөгү компьютердик техника жана программалык камсыздоо өндүрүшүндөгү эң алдыңкы компанияга айланган. Стив Жобс 2005-жылы Стэнфорд университетинде өз оорусу жөнүндө мындай деген:

- Жакында өлөм деген сезим жашоодогу эң жооптуу чечимдерди кабыл алууга баарынан көп жардамдашты. Себеби күтүү, сыймык, күткөн иш аткарылбайт деген коркунуч жана жолу болбой калуу - мунун баары өлүмдүн алдында маанисин жоготот.

Маркум акыркы жылдары уйку безинин рагынан дарыланып жүргөн.
Apple жасаган iPhone смартфону жана iPad планшеттик компьютери өзгөчө популярдуу. Компания рынок баасы боюнча эң кымбат компания саналат.

АКШ президенти Барак Обама Стив Жобстун өлүмүнө байланыштуу жасаган билдирүүсүндө "Америка улуу инноваторлордун бирин жоготту" деди.

XS
SM
MD
LG