Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Уран Алиевдин өлүмүнүн бети ачылды


Мындан алты жыл мурда киши колдуу болгон милициянын полковниги, ошол кездеги Ички иштер министрлигинин алдындагы кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысы Уран Алиевдин өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн министрликтин Уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы атайын маалымат жыйынын өткөрүп, өлүмгө шектүүлөр тууралуу толук маалымат бермекчи. Жакында эле президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнүн бети ачылган болчу.

Уран Алиевди 2005-жылдын 4-апрелинен бешинчи апрелине караган түнү таңга жуук белгисиз адамдар атып кетишкен. Анын айдоочусу Дилшат Сайдулла денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG