Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Акыйкатчы: Парламент төрагасы мени куугунтуктап жатат


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков мени куугунтуктап жатат деп билдирди "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун. "Мен Келдибековдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча фактылардын жүзүн ачтым. Ошондуктан ал мени кызматтан кетирүүнүн аракетин көрүп жатат", - дейт Турсунбек Акун.

Жогорку Кеңештин бугүнкү жыйынынын күн тартибине Акыйкатчы Турсунбек Акундун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө токтомдун долбоору киризилген. Буга чейин ал долбоорду парламенттин эки комитети караган болчу.

Келдибеков тарабынан Акыйкатчынын бул айткандары боюнча азырынча комментарий боло элек.(RK)

XS
SM
MD
LG