Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Базар-Коргон РИИБде видеокамералар орнотулат


Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы маалымдайт. Анын айтымында, видеожабдуу сатып алууга каражат топтоо үчүн бүгүн райондо марафон өтүп жатат. Аны уюштургандар - райадминистрация менен облпрокуратуранын алдындагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кенеш. Видеокамераларды сатып алуу үчүн 300 миң сом каражат талап кылынууда.
Буга чейин убактылуу кармоочу жайда суракка алынган бир адам каза болгондугу тууралуу маалымат айтылган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG