Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Фучик паркында кыздардын калайман мушташы чыкты


Бүгүн түшкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарындагы Фучик паркында окуучу кыздардын жапырт мушташы орун алды. Ага болжол менен 50-60 кыз катышкан. Окуяга күбө болуп, кыздарды арачалаган Фучик паркынын бригадири Дүйшөн Өмүрбековдун айтымында, бул кыздар өздөрүн шаардагы 54-мектептин окуучуларыбыз деп айтышкан. Бирок парктын кызматкерлеринин пикиринде, бул кыздар паркка жакын жайгашкан 57-мектептин кыздары болушу мүмкүн. Мушташка катышкан делген кыздардын алтоосун Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармап кетип, азыр кыздардын кайсы мектепке таандык экендиги жана эмне үчүн мушташкандыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын, бир аздан соң кененирек маалымат беришерин билдиришти. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG