Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Cаркози Түркияны армян кыргынын таанууга чакырды


Француз президенти Түркияны Биринчи согуш жылдарында армян кыргыны болгонун моюнга алууга үндөдү. Николя Саркозинин сөзүнчө, эгерде расмий Анкара “элдешүүгө кадам жасабаса”, ал “геноцидди танууну кылмыш” деп тааныган беренени мыйзамга киргизүүнү Франция парламентине сунуш кылат. “Эгер Түркия өз тарыхына кайра кайрылып, анын кара жана ак жактарына түз караса, геноцидди таануу үчүн жетиштүү болот. Эгер Түркия муну жасабаса, аны болочокто сөз жасары калетсиз”,-деди Саркози.

Франция армян кыргынын геноцид деп тааныган саналуу өлкөлөрдүн бири. Расмий Париж Түркиянын Евробиримдикке кошулуусуна да каршы чыгып жүрөт. Арменияда сапарда жүргөн Саркози бүгүн Азербайжанга, кийин Грузияга барат.

XS
SM
MD
LG