Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Түркия француз оторчулугун Саркозинин жадына салды


Түркиянын тышкы иштер министри "Франция башка өлкөлөрдү өз тарыхын кантип электен өткөрүүнү үйрөткөндөн мурда өзүнүн мурдагы оторчулуктарын карап көрүүгө тийиш" деди. Ахмет Даудоглу мындай билдирүүнү бүгүн Анкарада жасады.

Франция президенти Николя Саркози бүгүн Армениядагы сапары маалында Түркияны Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында армян кыргыны болгонун моюнга алууга чакырган эле. Армениянын ырасташынча, Биринчи дүйнөлүк согуш кезинде Осмон Түрк империясында 1,5 миллиондой армян жок кылынган. Түркия мындай маалыматтын ашыкча көбүртүлгөнүн айтып, эч кандай геноцид жүргүзүлбөгөн дейт.

Даудоглунун айтышынча, Саркозинин комментарийи Түркия-Армения арасында нукка түшүп бараткан мамилеге жана өз ара элдешүүгө зыян тийгизет.

Президент Саркози Түркиянын Евробиримдикке кошулуусуна да каршы.

XS
SM
MD
LG