Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Көлбаев Кыргызстанга кайттыбы же кайтарыштыбы?


Камчы Көлбаевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.
Камчы Көлбаевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.

Кыргызстанда уюшкан кылмыш тобунун башчысы катары издөөгө алынган Камчы Көлбаев 8-октябрь күнү эртең менен Дубайдан учуп келерин анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев депортацияланып келе жаткандыгын жана ал Бишкекке коноору менен камакка алынарын белгиледи.

Ал арада парламент депутаттары президенттик шайлоонун алдында кылмыш дүйнөсү кайрадан баш көтөрбөйбү деп кабатыр болушууда.

Эки ача билдирүү

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен 8-октябрь күнү таңга маал Дубайдан Бишкекке келип коноорун анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Мурда уюшкан кылмыш тобун түзгөн деген негиз менен ички иштер органдары ага сыртынан айыбын угузуп, эл аралык издөө жарыялаган. Мындан мурда ал Бириккен Араб Эмираттарында камакка алынып, кайра койо берилгендиги айтылган болчу.

Икрамидин Айткулов Көлбаев өз эрки менен колго түшүп берип, тергөөнүн суроолоруна жооп бере тургандыгына токтолду:

- Бул жакта аны камакка алуу туурасында соттун санкциясы бар болгонуна карабастан учуп келе жатат. Көлбаев Эмиратка кеткенден кийин ага уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен сыртынан айыбы угузулуп, кармалса камакка алуу чечими чыгарылган болчу. Ал өзү жок учурда бул жакта ага карата козголгон кылмыш иши боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин мага телефон аркылуу айтты.

Буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен бир нече адам кармалган. Андан соң Кыргызстандын тартип коргоо органдары “Мыйзамдагы уурунун” өзүн өткөрүп берүү өтүнүчү менен Бириккен Араб Эмираттарына кайрылган болчу. Мына ушуга байланыштуу жакында Дубайдын полициясы Көлбаевди мекенине депортациялоо чечимин чыгаргандыгы айтылды.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев учуп келээри менен камакка алынып, тергөө амалдары баштала тургандыгын айтты:

- Ким эле өзү түрмөгө түшүп бере калайын деп учуп келе калсын? Мурда ички иштер органдарынын берген материалдарынын негизинде Башкы прокуратура аны экстрадициялоо (кайтарып берүү) боюнча документтерди Бириккен Араб Эмиратына жөнөткөндүгү белгилүү. Мына ошого байланыштуу Көлбаев ал жактан депортацияланды. Ал тууралуу толук маалыматты аны кармагандан кийин гана билдиребиз.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев
Бийлик өкүлдөрү уюшкан кылмыштуулуктун тамыры жулунгандыгын жана анын мындан ары саясатка таасири болбой тургандыгын айтып келишкен. Бирок парламентте депутаттар алдыдагы президенттик шайлоодо саясий күчтөр кайрадан кылмыш дүйнөсүн колдонушпайбы деген кооптонууларын айтышты.

Эл өкүлдөрү жакында абактан чыккан “Водолаз” деген каймана ат менен белгилүү Максат Абакировдун кайда жүргөндүгүнө кызыгышты.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ал милициянын толук көзөмөлүндө экендигин белгиледи:

- Ал жакында өзүнүн жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан бошотулуп, Ысык-Көлдөгү үйүндө жүрөт. “Водолаз” биздин катуу көзөмөлдө. Ал жашаган жеринен ары-бери чыга албайт. Биздин кызматкерлер анын үйүнүн алдына чейин көзөмөл койушкан. Ошондуктан анын ар бир кыймылы чектелген.
Криминал курал-жарактары менен шайлоо участокторуна чейин барышып, каалаган чечимдерин чыгарткан учурлар боюнча протоколдор түзүлгөн.

Бирок Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев министрдин айткандарына ишенбей тургандыгын кыйытты. Анткени Максат Абакиров туурасында коомчулукта ар түрдүү сөздөр жүрүп жаткандыгын айткан Сапарбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш аягына чейин жүргүзүлүүгө тийиш экендигин белгиледи:

- Өткөн айда Караколдо жолугушуу өтүп, Абакиров Максат да ошол жерде болгон экен. Анда Ысык-Көл боюнча кароочу (смотрящий) дайындоо маселеси көтөрүлгөн деген маалыматтар бар. Сиз аны толук “көзөмөлдөп” жатабыз дегенге мен ишенбей жатам. Анткени биздин маалыматтарга караганда, ал айылынан сырткары жактарда деле ээн-эркин эле жүрөт экен. Мына ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып койсоңуз.

Эскирбеген эскертүүлөр

Өткөн жылкы парламенттик шайлоодо кылмыш дүйнөсү кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасы үчүн иштегендиги айтылып жүрөт.

Академик Бектемир Мурзубраимов саясий максаттарга жетүү үчүн криминалды пайдалануу өнөкөтүн токтотууга убакыт жетти деп билдирди:

Максат Абакиров
Максат Абакиров
- Өткөн парламенттик шайлоодо криминалдар кадимкидей үстөмдүк кылган жерлер аябай көп болду. Алар курал-жарактары менен шайлоо участокторуна чейин барышып, каалаган чечимдерин чыгарткан учурлар боюнча протоколдор түзүлгөн. Мына ошолорду кайра көтөрүп, мыйзамдын чегинде иш алып барыш керек.

Азыр деле элде коркунуч бар. Анткени мына ошол эле криминалдар кайра келип, же бирөөлөрдөн салам дубай айттырышып, “ойлоп койгула, кийин жашашыңар керек, анан дагы сүйлөшөбүз” деген сыяктуу эскертүүлөрдү берип жатышыптыр
.

Шайлоо коопсуздугуна байланыштуу коомдук талкууларда кылмыш дүйнөсүнүн таасири дагы деле болсо коркунучтуу факторлордун бири катары аталууда. Андыктан жарандык коом кайсыл саясий күчтөргө таандык экендигине карабастан бардык уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктоо талабын койгон болчу. ИИМдин маалыматына караганда, буга чейин Көлбаевдин, Батукаевдин жана Абакировдун уюшкан кылмыш топтору каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG