Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Албаниянын акыркы коммунист лидери дүйнө кечти


Тиранада бүгүн Албаниянын акыркы коммунист лидери Рамиз Алия 85 жашында көз жумду. Аны Албанияны 44 жыл башкарган Энвер Кожо көзүнүн тирүүсүндө эле мураскер кылып дайындаган жана ал 1985-жылы башкаруучу Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы болуп шайланган.

1991-жылкы демократиялык шайлоодо Алия президент болуп шайланып, бирок бир жылдан соң кызматынан кеткен. 1994-жылы Алия кызматын кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталып, 9 жылга түрмөгө кесилет. Рамиз Алия эркиндикке 1997-жылы Албанияны каптаган иш таштоолор маалында чыгат.

XS
SM
MD
LG