Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Саркози: Франция Грузиянын бүтүндүгүн колдойт


Франция Грузиядан 2008-жылы Орусия менен болгон согуштан кийин өздөрүн төбөлсүз деп жарыялаган мамлекеттерди тааныбайт жана Грузиянын бүтүндүгүн колдойт. Мындай билдирүүнү француз президенти Николя Саркози Грузиядагы иш сапары маалында жасады.

“Орусия дос жана стратегиялык өнөктөш катары көрөт. Бирок ишенимди калыбына келтирүү үчүн каршы сүйлөө, коркутуп-үркүтүү, дестабилизация токтотулуп, диалогго артыкчылык берилиш керек”,-деди Саркози Тбилисинин Эркиндик аянтына чогулган миңдеген грузиялыктарга кайрылып.

2008-жылы беш күндүк орус-грузин согушун токтотууга арачылык кылган Саркози Москваны ок атышпоо боюнча өзүнө алган милдеттенмени сыйлоого чакырды.

XS
SM
MD
LG