Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Бишкек “Биз таза шайлоо үчүн!” акциясына камданууда


Бүгүн кечки саат беште Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Борбордук шайлоо комиссиясы “Кылым муза” продюсердик борбору менен биргеликте “Биз таза шайлоо үчүн!” аттуу акция өткөрөт. Ага БШК өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышмакчы.

Иш-чаранын алкагында шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча көрүүчүлөргө оюн, анимациялык тасмалар көрсөтүлөт. Акция кыргыз эстрада ырчыларынын концерттик программасы менен коштолот.

“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы өткөн аптада өткөрүлмөк. Бирок каттоодон өтпөй калган жарандар менен БШК ортосундагы талаштуу жагдайлардан улам акция кийинкиге жылдырылган. Бул тууралуу бүгүн БШКнын басма сөз кызматы билдирди. (ЕК)

XS
SM
MD
LG