Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ливия: Каддафинин шаарында атышуулар уланууда


Ливияда Убактылуу өкмөттүн аскер күчтөрү бийликтен кулатылган лидер Муаммар Каддафинин кичи мекени Сиртенин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлгө алышты. Кечээ таң эртелеп Улуттук Өткөөл кеңештин күчтөрү Сирте шаарында алкактуу аскерий операциясын баштаган. Ага танктар менен оор артиллерия тартылганы кабарланууда.

Сирте менен Бани Валид – Муаммар Каддафинин күчтөрү дале каршылык көрсөтүп жаткан акыркы шаарлар. Утурумдук бийлик бул жерлерди толук көзөмөлгө алса, Каддафини жеңгени тууралуу жарыялап, өлкөдө жаңы шайлоолордун мөөнөтүн белгилей тургандыгын билдирди. Сиртенин миңдеген тургундары атышуулар күчөгөндүктөн шаардан качып кетишкен.

XS
SM
MD
LG