Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Каирдеги кагылышта каза болгондордун саны өсүүдө


Египет борбору Каирдеги жекшембиде болгон кагылышууда акыркы маалыматтарага карганда, бери дегенде 30дай киши набыт болуп, 200дөй адажаракат алганы айтылууда. Асуан провинциясында чиркөөгө кол салууга кыжырдаган миңдеген христиандар мамлекеттик телевидениенин астына чогулуп, полицияга май куюлган бөтөлкөлөр менен таш ыргытып, бир нече автоунааларды өрттөшкөнү айтылууда.

Окуянын жүрүшүндө «чиркөө өзү мыйзамсыз курулган болчу» - деп айтканы үчүн провинциянын губернатору Мустафа ал-Сайиддин сүрөтү өрттөлдү. Акциянын катышуучулары губернатордун кызматтан кетүүсүн жана чиркөөнү калыбына келтирүүнү талап кылышууда.
80 миллион калкы бар өлкөнүн 10 пайызын христиандар түзөт

XS
SM
MD
LG