Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Польшадагы шайлоодо беш пайыздык чектен беш партия өттү


Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн болжолдуу алдын ала жыйынтыктарында караганда, 39 пайыз шайлоочулардын колдоосуна татып, премьер-министр Доналд Туск жетектеген “Жарандык платформа” партиясы кайрадан жеңгендей болду. Андан кийинки орунда Ярослав Качинскинин “Мыйзам жана акыйкаттык” деген консервативдүү оппозициялык партиясы 30 пайыз добуш алган.

Өлкөнүн премьер-министри Доналд Туск өз сөзүндө «келээрки төрт жылда шайлоочуларыбыз үчүн ал кимге добуш бергенине карабастан иштеп берүү мен үчүн жана биздин партиянын бардык мүчөлөрү үчүн чоң сыймык”, - деди.

Жакынкы күндөрү шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган соң президент көп добуш алган партияга өкмөттү куроону табыштайт.

XS
SM
MD
LG