Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Камерунда президенттик шайлоо өттү


Камерунда өлкө башчылыгына жашы 80ге чукулдап калган учурдагы президент, 30 жылдан бери өлкөнү башкарып келген Пол Бийя менен кошо 22 талапкер катышууда. Аксакал президенттин негизги атаандашы катары опозициялык партиядан көрсөтүлгөн Жон Фру Нди айтылууда. Бирок анын жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү аз деп бааланууда. Азырынча шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалыматтар бериле элек.

Президент Бийяны каршылаштары шайлоо өнөктүгүн катуу көзөмөлдөп жатканын сындашууда. 2008-жылы Камерунда баш мыйзам өзгөртүлүп, анда президенттик мөөнөттү чектеген чен алынып салынган.

XS
SM
MD
LG