Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Акматов: Кошумча шайлоо бекеттери ачылбайт


Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Жеңишбек Акматов үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Үгүт өнөктүгүнүн үчүнчү аптасы башталып жатат. Айрыкча гезиттерде бири-бирин каралоо башталды, үгүт материалдарды айрып, өрттөп кеткен фактылар болуп жатканы айтылууда. Сиздер кандай мыйзам бузууларды каттап жатасыздар?

Жеңишбек Акматов: Талапкер Алмазбек Атамбаевден “Саясат пресс” гезитиндеги каралоолор боюнча арыз түшкөн. Бирок каралоону БШК карабайт, ал сот аркылуу аныкталып чечилет. Бирок каралоого мыйзам жол бербейт. Ошондуктан биз “Саясат пресс” гезитине эскертүү бердик.

Андан кийин Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн Сокулуктабы, же Нарындабы, мен бул топту жетектебегенден кийин так билбейт экем, айтор баннерлерин өрттөп, сыр чачты деген арыз түшкөн. Биз бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына кат жөнөтүп, күнөөлүлөрдү издөө маселесин койдук. Азырынча бизге эки гана талапкерден арыз түштү.

“Азаттык”: Административдик ресурс колдонулуп жатат деген дооматтар айтыла баштады. Бул боюнча факттар барбы?

Жеңишбек Акматов: Массалык маалымат каражаттарынан айрым талапкерлердин жолугушууларына эл келбей атат деп окуп жатабыз. Эми эл чогултканга бөгөт коюлуп жатканы боюнча арыз түшө элек. Ал талапкердин жолугушуусуна эл келбей койсо эле административдик ресурс колдонулуп, келтирбей жатат дегенге кошула албайм. Бул ошол кишинин уюштуруу штабынын иштеринен көз каранды. Мисалы ММКдан кечээ окудум, Атамбаевге караганда Мадумаровдун жолугушууларына эл көп келип жатат деп жазып жатышат. Кээ бир талапкерлердин штабы жакшы иштебей, элди чогулта алышпай калса эле атайын келтирбей жатат деген жүйөлүү доомат эмес.

Өткөн бийликте административдик ресурс колдонулган учурларды көп эле баштан өткөргөнбүз. Мисалы, эл чогулуп атса ошол күнү клуб жабык болуп калат, кароолчусу ачкычты чөнтөгүнө салып тойго, же ашка кетип калган болот. Мына ушуну административдик ресурс дейбиз. Анан эми зал, же аянт ачык турса, бирок аз эле киши келсе атайын келтирбей жатат деген бул болбогон иш.

“Азаттык”: Үгүт өнөктүгүн кеч баштаган талапкерлер шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы керек деп айтып жатышат. Турсунбай Бакир уулу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрыла турганын маалымдаган. Бул боюнча БШКнын позициясы кандай?

Жеңишбек Акматов: Талапкерлердин "үгүт өнөктүгүнө жетишпей калдым", - дегенинен улам шайлоо мөөнөтүн өзгөртүүгө болбойт. Конституциялык мыйзамда, Конституцияда шайлоонун күндөрү, мөөнөтү бекитилген. Шайлоого эки жума калганда анын мөөнөтүн өзгөрткөнгө болбойт. Эки жуманын ичинде өзүнүн программасын тааныштырганга үлгүрөт. Биз мына теле дебатка катыштырдык. Башка талапкерлерден алар эч деле утулуш алган жок.

БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берет деген нормаларды сактап турдук. Бардыгы ошол норма менен кетти.

“Азаттык”: Кошумча шайлоо бекеттерин ачуу тууралуу айтып бересизби. Мисалы Орусияда бекеттердин аздыгынан жаңжал чыгып да кетиши ыктымал деп айтып жатышат.

Жеңишбек Акматов: Бекеттерди ачуу мыйзамда көрсөтүлгөн. Эми "конституциялык укугубуз бузулуп жатат, добуш бербей калабызбы", деген дооматтарды айтып жатышат. Мына биз өткөн шайлоолордо Орусиянын 18 шаарына бекет ачып бергенбиз. Бирок өткөн Жогорку Кеңештеги шайлоодо жыйынтыгында көп деле адам келген эмес. Бекеттер маселесинин көтөрүлүп жатышы саясатчылардын гана уюштурган иштери деп ойлойм. Ошол 18 шайлоо бекет ачылганда келбеген, бүгүн үчөө ачылса эле укугу бузулуп калабы?

2005-жылдан бери 18, 23 жерге чейин ачып бергенбиз. Бирок эч жыйынтык болбоду да. Бекеттерди ачып асманга акчаны чачабыз, бирок жыйынтыгы дээрлик нөл болгондуктан кошумча шайлоо бекеттери ачылбайт.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG