Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

БШК: Жолугушууга эл келбей койгонуна күнөөлүү эмеспиз


Талапкерлер менен жолугушууларга эл келбей койгонуна БШК күнөөлүү эмес. Мындай оюн "Азаттыкка" БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди.

Анын айтымында, айрым талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуу өткөрсө эл келбей койгон учурлар болуп жатат. Бирок бул атайылап жасалгандыктын же административдик ресурстун белгиси эмес. Буга ошол талапкердин штабынын уюштуруу иштери жооптуу. Акматовдун айтымында, жолугушуу өткөрөм деген ар бир талапкер үчүн бардык жерлерде залдар, аянттар, клубдар, стадиондор ачык. Мурдагыдай атайылап бут тосуулар жок.

"Аз киши келсе эле мага административдик ресурс пайдаланылып жатат деген бул эми болбогон иш", - деди БШК мүчөсү.

Президенттикке 23 талапкер ат салышууда. Алардын арасында кызматтык милдеттерин убактылуу токтоткон өкмөт башчысы да бар. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG