Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

БШК: Шайлоо мөөнөтүн өзгөртүүгө болбойт


Талапкерлердин "үгүт өнөктүгүнө жетишпей калдым" дегенинен улам шайлоо мөөнөтүн өзгөртүүгө болбойт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, конституциялык мыйзамда, Конституцияда шайлоонун күндөрү, мөөнөтү бекитилген. Шайлоого эки жума калганда анын мөөнөтүн өзгөрткөнгө болбойт.

"Эки жуманын ичинде өзүнүн программасын тааныштырганга талапкер үлгүрөт. БШК бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берет деген нормаларды сактап турдук. Бардыгы ошол норма менен кетти”, -деди Жеңиш Акматов.

Убагында каттала албай калгандар үгүт өнөктүгүн кеч баштагандыктан шайлоо мөөнөтү жылдырылышы керек деп айтып жатышат. Мисалы, талапкер Турсунбай Бакир уулу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрыла турганын маалымдаган. 30-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышып жаткандардын саны 23 талапкер. Алардын төртөө үгүт иштерин 11 күн кеч башташты. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG