Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Акмат Бакиев боюнча сот өкүмү өзгөргөн жок


Акмат Бакиевди 7 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда кармоо тууралуу чечим күчүндө калды. Мындай чечим бүгүн Чүй облустук сотунун ачык отурумунда кабыл алынганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.Өкүмдү 5-августта Жалал-Абад шаардык соту чыгарган. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин, май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча кесилген. Ал өзү жана анын адвокаттары бул айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып келишет. Акмат Бакиев жазасын Бишкектеги №47 түрмөдө өтөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG