Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Атамбаев Москвада шайлоочулар менен жолукту


Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп, президенттикке ат салышып жаткан Алмазбек Атамбаев Москвага барды. Атамбаевдин шайлоо штабынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, ал Москвадагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Атамбаев мекендештерин ачык сөзгө тартып, алар айткан көйгөйлөр Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда көтөрүлөөрүн айтты. Кыргызстандын тышкы саясаты, экономикалык, социалдык проблемалар тууралуу сөз болду. Ар бир жаран өз мекенинде татыктуу жашоосун камсыз кылуу негизги максат экени айтылды. Сыртка чыгып кеткен кыргыз эмгек мигранттарынын 80 пайызы Орусияда экени расмий айтылып келет. Шайлоо 30-октябрда болот. (RK)

XS
SM
MD
LG