Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Азербайжанда төрт оппозициячыл активист кесилди


Жарым жыл мурдагы нааразылык акциясына катышкандыгы үчүн айыпталган активисттер үч жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажырады. "Азаттыктын" азери кызматы билдиргендей, төртөө 2-апрелдеги окуяга байланыштуу соттолгон 14 активисттин акыркылары болуп калды. Бакы калаасынын Насими райондук соту бүгүн оппозициядагы Мусават партиясынын мүчөлөрү болгон Ахмад Маммадли менен Улви Кулиевди үч жылга, Азербайжандын Элдик Майдан партиясынын мүчөсү Элнур Мажидлини эки жылга, ал эми Мусаваттын мүчөсү Руфат Хажибейлини бир жарым жылга эркинен ажыратты. Аларга коомдук тартипти бузуп, өкмөт өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү деген айыптар коюлган. Соттун алдында чогулган оппозиция өкүлдөрү «Эркиндик!» деп ураан чакырып турушту. Полиция аларды кууп таркатты, төртөөнү кармап, кийин кайра коё берди.

XS
SM
MD
LG