Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Сирияда аз дегенде 30 кишинин өмүрү кыйылды


Британиядагы сириялык Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму Сириянын борборундагы Хомс шаарында жети карапайым тургун окко учканын билдирди. Дагы башка шаарларда коопсуздук күчтөрү өкмөткө каршы демонстрацияларда ок ачканда жети киши атып өлтүрүлдү. Уюмдун маалыматы боюнча, ушул эле күнү демонстранттарды атуудан баш тарткан дезертирлер менен кагылышта 17 аскер кызматкери набыт болду. Сириянын мамлекеттик сыналгысы «куралдуу топтор менен кагылыштарда Хама, Хомс, Идлиб шаарларында 17 коопсуздук кызматкери набыт болуп, дагы башкалары жараат алгандыгын» кабарларды. Сирияда март айынан берки президент Башар ал-Асаддын бийлигине каршы толкундоолордо 3 миңге чукул кишинин өмүрү кыйылгандыгы болжолдонуп келет.

XS
SM
MD
LG