Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Укук коргоочу уюм Оштогу анти-террордук операцияны сынга алды


«Сот адилеттиги – Чындык» уюму Оштогу ишемби күнкү анти-террордук операцияда тартип коргоочу органдар жергиликтүү тургундардын жүрөк үшүн алгандыгын сынга алды. Уюмдун жетекчиси Равшан Гапиров бүгүн "Азаттыкка" тургундар кармалып, кыйноого туш болуп, ал тургай тартип коргоочулар алардан пара алышаарын билдирди.

8-октябрда Ош шаарынын четиндеги өзбектер отурукташкан Нариман ооданында диний экстремист деп шектелген киши маршруттук кичи автобусту 15 жүргүнчүсү менен кошо барымтага алганы, барымтачы атып өлтүрүлгөнү маалымдалган.

Улуттук Коопсуздук кызматы бул окуя үчүн экстремисттик Исламчыл Жихад биримдигин күнөөлөп, 10 киши, анын ичинде өзбектер, тажик, уйгурлар кармалганын маалымдады. Кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев «операциянын мезгилинде куралдар, анын ичинде кол гранаталары жана экстремисттик адабият колго түшүрүлдү» деп ырастады. Ички иштер министрлиги тергөө бүтө элек болгондуктан, барымтачынын ысмын ачыкка чыгаруудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG