Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Нариман Түлеев талапкерликтен баш тартты


Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган учуру, 2009-жылдын 17-июлу.
Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган учуру, 2009-жылдын 17-июлу.

Күрөшүп жатып президенттик шайлоого катышуу укугун алган Нариман Түлеев 10-октябрда талапкерлигинен өзү ыктыяры менен баш тартты.

Бул күнү Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо үчүн бюллетендин формасын бекитти. Үгүт иштеринин башталганына туура 15 күн болсо да, жарыштан четтетилгендер менен БШКнын соттошуусу дале уланып келет.

Бюллетендердин формасы бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кабыл алган токтомго ылайык, президенттик шайлоодо колдонула турган бюлеттендин узундугу 34 сантиметрдин тегерегинде болот. Андагы жазуулар мурдагыдай 14-шрифт менен жазылат. Бул жолу добуш берүү учурунда бюлеттенди сүрөткө тартып алууга катуу тыюу салынат дейт, БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков:

БШК
БШК
- Кээ бир талапкерлер оюн жүргүзүп жаткан экен. Азыр талапкерлер өздөрүнүн шайлоочуларын топтоп туруп, бир участокко алып барганы жатышыптыр. Добуш берүүнү көзөмөлдөш үчүн бюллетендерди сүрөткө тартырат деген сөздөр бар. Бүгүн токтом кабыл алынды, эгер кимдир-бирөө бюллетенин сүрөткө тартып ала турган болсо, ал бюллетень жокко чыгарылат.

Мындан тышкары БШК бүгүнкү отурумунда талапкерлердин ыйгарым өкүлдөрүнүн ортосунда чүчүкулак өткөрүп, бюллетенде кайсы талапкер канчанчы номур менен жазыларын тактады.

Түлеев талапкерликтен баш тартты

Ал ортодо бир канча соттук жараяндарды башынан өткөрүп, 6-октябрда гана талапкер күбөлүгүн алган Нариман Түлеев шайлоого катышуудан баш тартканын жар салды. Бул маалыматты анын штабынын басма сөз кызматынын өкүлү Ирина Козлинская “Азаттыкка” тастыктап, себебин мындайча ачыктады:

- Түлеев президенттикке талапкер күбөлүгүн шайлоо кампаниясынын аяктарына эки жумадай убакыт калганда гана алды. Анын шайлоого катышуусуна бөгөт коюу үчүн бардык аракеттер жасалды. Ошондуктан шайлоо кампаниясы үзгүлтүккө учурады. Мындай жагдайдан улам Түлеев элдин добушун сатып алуу, же чынчылдык менен аракет кылуу деген тандоолорго тушукту. Мындан улам Түлеев элди эч качан алдабаганын, азыр дагы жеке амбициялары үчүн элге калп айтпай турганын билдирди.

Шайлоого туура 20 күн калды

Калган жыйырмадан ашык талапкер болсо үгүт иштерин байма-бай улантып жатышат. Адахан Мадумаров бүгүн Жалал-Абаддагы шайлоочулар менен жолукса, Алмазбек Атамбаев Москвага учуп барып, ал жактагы кыргыз мигранттары менен жолугушууларды өткөрдү.

Бул өңдүү үгүт иштеринин жүрүп жатканына 15 күн болсо да, жарыштан четтетилгендер менен Боршайкомдун ортосундагы соттук жараяндар алигиче уланууда. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, бүгүн “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиеванын БШКнын кол тамгаларды текшерүү боюнча 3-октябрдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча көзөмөл арызын Жогорку Сот карап чыгып, өтүнүчтү канааттандырган жок:

- Тараптардын ой-пикирлерин угуп чыккандан кийин соттук коллегия Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун 5-октябрда чыгарган чечимин күчүндө калтырып, ал эми президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиеванын көзөмөл арызын канааттандырган жок.

Президенттик шайлоого туура 20 күн калганда Кыргызстандагы төрт жаштар уюму өрөөндөрдө окутуу иштерин башташты. Уюштуруучулардын бири, “Кебел” клубунун мүчөсү Наргиза Абдылдаеванын билдиришинче, жаш активисттер өрөөндөрдөгү жаштарга добуш берүүнүн жол-жоболорун үйрөтүшмөкчү:

- Биз ар бир райондон активдүү 20-25 баланы камтыйлы деп жатабыз. Анан алар өздөрү андан ары семинар, тренингдерди улантып кетишет.

Ал ортодо ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары шайлоо алдындагы алгачкы баяндамасын жарыялап, Кыргызстанда абал салыштырмалуу тынч экенин, президенттикке ат салыша турган талапкерлердин көптүгүнөн бул жолу атаандаштык күч болоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG