Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Гезиттер үгүт эрежелерин бузуп жатабы?


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Кыргыз тилдүү гезиттерде президенттикке талапкерлердин айрымдарын каралап, кээ бирлерин жактап, шайлоо алдында үгүт эрежелерин одоно бузган учурлар катталууда

Маалымат каражаттарындагы чагылдырылган материалдарды байкоого алып жаткан “Журналисттер” коомдук бирикмеси жакында аталган мыйзам бузуулар боюнча борбордук шайлоо комиссиясына кайрыла тургандыгын билдирди.

Баягы адат баягы...

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин коомдук көзөмөл долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын шайлоо алдындагы материалдары байкоого алына баштады. Байкоого алуу иштеринин алгачкы он беш күнүндө эле айрыкча кыргыз тилиндеги республикалык басылмаларда отузга жакын мыйзам бузуулар катталган. Буга негизинен президенттикке талапкерлердин айрымдарын каралоо, экинчилерин көкөлөтө мактоо, же болбосо талапкерлерди бири-бирине карата кайраштыруу өнөкөттөрү кирет.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова бул багытта мыйзамдын талаптары одоно бузулуп жатканына токтолду:

- Кыргыз тилдүү гезиттер мурдагы шайлоолордо кандай болсо ошондой эле деңгээлин көргөзүп жатышат. Бир талапкерге үгүт иши аябай катуу жүргүзүлсө, экинчисин ошол эле сандарында каралап басып калып жатышат. Бул жерде жалпы эле журналисттик эрежелер эмес шайлоо мыйзамдары дагы одоно түрдө бузулуп жатат. Айрыкча өзүм билемдик мамиле менен жазылган материалдардагы жоопкерсиздик үстөмдүк кылууда. Ошон үчүн алар каалаган талапкерлерин каралап, “сүймөнчүктөрүн” мактап-жактагандан тартыныша элек.

Ошондой эле гезиттер жарыяланган үгүт материалдардын үстүнө белги коюшпай, адаттагы макалалар катары басып чыгарышкан бир топ учурлар катталган.

Республикалык басылмалардын ичинен мыйзамдын талаптарын бузуп, бир жактуу материалдарды тынымсыз берүү жагынан “Фабула”, “Апта”, “Ачык Саясат”, “Аят-пресс”, “ПрессKG”, “Учур” жана “Майдан” гезиттери айырмаланышкан. Аталган гезит редакторлорунун көпчүлүгү макалаларда жарыяланган бир жактуулукту кадыресе көрүнүш катары карашат.

“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков айрым талапкерлер боюнча үгүт учурундагы материалдарды кадимки саясий сын макалалар катары сыпаттай турганын айтты:

- Бул жерде биз бөлүп-жарган, же болбосо улуттук кызыкчылыкка каршы келген материалдарды баскан жерибиз жок. Буга чейин эле сындап келген мурдагы саясатчы, азыркы талапкерлер туурасында макалалар кетип жатат. Биздин гезит негизи эле Бакиевге катуу кызмат кылгандарга өзгөчө сын-пикир менен мамиле кылабыз да. Айрыкча Ташиевге, Мадумаровго мамилебиз өзгөчө да. Бул эми кайсыл саясий көз карашка кандай мамиле кылуу журналисттердин өздөрүнүн эрки.

Ушактар менен имиштердин мекени кайда?

Ошол эле учурда айрым гезит редакторлору шайлоо алдындагы ушактарды жана имиштерди таркатууга саясатчылар өздөрү кызыкдар деп эсептешет. Ошондуктан андай нерселерди угуп туруп жөн эле жазып койууну кадимки жазмакердин иши катары кабыл алгандар да аз эмес.

“Учур” гезитинин баш редактору Арслан Сартпаев ушактар менен имиштердин гезит беттеринен орун алышын учурдагы саясий кубулуш менен байланыштырат:

- Себеби биздин саясат жана саясий кубулуш өзү азыр ыпластыкка жана кир оюндарга аябай боёлуп кетти да. Анан ошонун бардыгы гезиттерде чагылдырылып жатат да. Мына ошол эле имиштер менен ушактардын тамыры ошол эле саясатчылардан келип чыгып жатат. Алар бирин-бири каралап, ушактарды чыгарышат. Анан ошол көрүнүштөрдү биз жазып койсок эле силер ушак жаздыңар деп, кинеелеп жатышпайбы.

Расмий тарап үн катпайт

Шайлоонун алдында медиа мейкиндикте бир катар мыйзам бузуулар катталып жатканы менен бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы кабардар эмес. БШКнын алдында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу түзүлгөн.

Бирок аталган топтун жетекчиси Нурмамат Ашымов аталган мыйзам бузуулар боюнча маалыматы жок экендигин айтты:

- Азыр эми эч нерсе деле байкала элек. Эми алар бирин-бири жамандашса кайра эле бирин-бири сотко беришет да. Биз эми эч нерсе кыла албайбыз да. Менде азыр эч кандай деле маалымат жок. Биз ошондой учурлар каттала турган болсо алгач эскертүү беребиз.

Бирок чындыгында БШКнын алдындагы жумушчу топ мыйзамды одоно бузган маалымат каражаттарына карата эскертүү бергенден башка чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Прокуратура органдары болсо бул багыттагы көйгөйлөр туурасында азырынча үн катыша элек.

XS
SM
MD
LG