Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Талас: “Коппер голддун” лагерин ким өрттөдү?


"Коппер голддун" лагери өрттөлүшү боюнча кармалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен райондук милиция имаратынын алдына чыгышты. Талас, 10-октябрь.
"Коппер голддун" лагери өрттөлүшү боюнча кармалгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен райондук милиция имаратынын алдына чыгышты. Талас, 10-октябрь.

“Коппер голд” компаниясынын Талас районунун Арал айылына жакын жердеги лагерин өрттөө фактысы боюнча айыптуулар жазаланышы керектиги бүгүнкү өкмөттүк жыйында да көтөрүлдү.

Ал ортодо окуя боюнча сурак берүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген адамдар бошотулду.

10-октябрда суракка чакырылган 7 адамдын 100гө чукул тарапташтары райондук милициянын имаратынын алдына чогулуп, кармалган балдарды бошотуусун талап кылды. Алар сурак берип жаткандарды эч кандай окуяга тиешеси жок болсо деле милициялар алып кетип жаткандыгын айтууда.

Чогулгандардын бири Белек Молдалиев ошол күнү айылда тойдо көкбөрү болуп, ошого катышкан балдарды эч күнөөсүз камап жатат деген

- Балдарды көкбөрү тартканы үчүн камап коюшту. Ошондо көкбөрү тарткандар өрттөштү деп. Булар эч күнөөсү жок эле камалды, аларды чыгарсын!

Бир сааттай созулган талаш-тартыштан кийин имараттын ичинде кармалып тургандар четинен чыгарыла баштады.

Геологдордун өрттөлгөн жатаканасы.
Геологдордун өрттөлгөн жатаканасы.
Окуя боюнча сурак бергендердин бири Абил Кулдаев уктап жаткан жеринен милиция кызматкерлери таңкы бештер чамасында алып кетип, орто жолдон ур-токмоко алынганын айтты.

- Уктап жаткан жеримен алып кетти, кийимим жок эле. Жолдо келе жатып “мойнуңа аласын” деп сабашты, бөйрөк жака уруп жатышты колдору менен.

Абилдин сөзүнө таянган жакындары райондук прокуратурага арыз жазды.

Акыры бул окуя боюнча райондук милициянын имаратында кармалып жаткандардын баары бошотулду. Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары Равил Ниязбеков буларды айтат:

- Аралдагы болгон факты боюнча кылмыш иши козголуп, айылдын айрым тургундарын иш боюнча суракка алып келгенбиз. Өзүнөр көргөндөй, 100дөй адам келди, биз алып келгендерди сурап кайра коё бердик.

Компаниянын өкүлдөрү болсо бүгүн тараткан маалыматында окуяны кылмыш деп санап, бирок ага жергиликтүү тургундардын тиешеси жок экенин, аны атайын уюшулган чакан кылмыштуу топ жасаганын айтышты. Компаниянын өкмөт жана коомчулук менен байланышуу директору Максат Кобонбаев “Талас коппер голд” окуяга карабай ишин уланта берээрин билдирди:

- Компания акыркы эки айда жергиликтүү эл менен тил табышып иштеп жаткан. Биз болгон инцидентке карабай ишибизди улантуу менен бирге өкмөттүн алдындагы алган милдеттемебизди толук аткарабыз.

Геологдордун өрттөлгөн жатаканасынын ички көрүнүшү.
Геологдордун өрттөлгөн жатаканасынын ички көрүнүшү.
Кобонбаев 8-октябрда болгон өрттө кеткен чыгымдарды тактап жатканын, ал жөнүндө жакынкы күндөрү маалымат берээрин кошумчалады.

8-октябрга караган түнү Талас районундагы Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Коппер голд” компаниясынын тоо этегиндеги лагери белгисиз адамдардын тобу тарабынан өрттөлүп кеткен эле. Биз окуя болгон жерге барганда компаниянын кампалары жайгашкан лагерге кире бериштеги бекет, компаниянын коопсуздук кызматкерлери жаткан жатакана жана ашканасы алардын ичиндеги кеңсе техникалары кошо күйгөнүн көрдүк.

Аталган жер айылдан 4-5 чакырымдай алыс болгондуктан окуяны айылдыктар көргөн эмес. Айыл тургуну Жаныбек Жетигенов өрттөө менен маселе чечилбесин, баары мыйзам чегинде чечилсе болмок деген ойдо:

-Туура эмес да, өрттөгөндө эмне пайда? Элге жардам берип жатышат. Ачса ачаар, ачпаса мыйзам чегинде иш кылышы керек да. Бул көрүнүш өтө эле туура эмес болду.

Айылдыктардын кимиси менен сүйлөшпөйлү, баары тең бир ооздон бул көрүнүш айылдын атына көлөкө түшүрүп жатканын айтып жатышты.

Буга чейин март айында да аталган компаниянын ушул эле лагери өрттөлүп, келтирилген чыгымдар 7 млн. сомго бааланган. Окуя боюнча 3 кишиге иш козголуп, сотто компаниянын дообуз жок деген арызынын негизинде кыскартылган болчу.

XS
SM
MD
LG