Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

"Таза шайлоо": Шайлоочуларды мажбурлоо жүрүп жатат


Мамлекеттик органдар, өзгөчө жогорку окуу жайлар жана үй башкармалыктары жарандарды милдеттүү түрдө шайлоо даректерин тактоого мажбурлап жатышат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Таза шайлоо" ассоциациясынын директору Айнура Усупбекова билдирди. Анын айтымында, шайлоо дарегин тактап, тизмеге кирүү ар кимдин өз эрки. Эч бир адам мажбурлоого акысы жок. Шайлоочулардын тизмелери 20-октябрга чейин такталып бүтүшү керек. 30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG