Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Украинада сот мурдагы премьер Тимошенкону "күнөөлүү" деп тапты


Сот өкүмүн окуп жатып, “Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ келишимине кол койгондо бийлигинен пайдаланган” деди. Киевдеги сот Родион Киреевдин айтымында, Тимошенконун ал учурдагы кадамы “Нафтогаз” ишканасына дээрлик 200 миң долларга барабар жоготууга турган. Прокурорлор "Тимошенкону жети жылга камаш керек" деп жатышат. Мурдагы премьер өзү ага тагылган айыпты мойнуна албай турганын, козголгон кылмыш ишинде “саясий өңүтү” бар деп эсептээрин айтты.

"Бүгүн айтылган кылмыштарга Украинанын өзүндө да, дүйнөдө да эч ким ишенбейт, - деди Тимошенко сот отурумундагы танапис учурунда. - Президент Виктор Янукович да, сот Родион Киреев да - эч ким менин абийириме, таза атыма шек келтире албайт".

Тимошенко 2004-жылдагы “Саргылт ыңкылаптын” лидерлеринин бири болгон. Киевде өтүп жаткан соттун алдына бүгүн Тимошенконун колдоочулары да, аны айыптагандар да чогулушту. Коопсуздукка көзөмөл кылыш үчүн полициянын атайын бөлүктөрү да жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG