Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Алматыда Павлюктун иши боюнча сот өкүм чыгарды


2009-жылы 51 жашында киши колдуу болуп көз жумган журналист Геннадий Павлюк
2009-жылы 51 жашында киши колдуу болуп көз жумган журналист Геннадий Павлюк

Кыргызстандын жараны Алдаяр Исманкулов 17 жыл, казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жыл эркинен ажыратылды.

Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча иштин өкүмүн угузду. Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жылга, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу сот процессине катышкан "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Мэншүк Асаутай кабарлайт.


Алматыдагы сот отурумунан баян
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00
Түз линк




Павлюктун иши боюнча сот отуруму
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
Алматыдагы сотто өкүм угузуу. "Азаттыктын" казак кызматынын тасмасы, 11-октябр, 2011-жыл



Алдаяр Исманкулов сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу
Алдаяр Исманкулов сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу


Исманкулов Алдаяр Валерьевич, 1976-жылы Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү юрист. Жумушсуз. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Мурда соттолгон эмес.








Шалкар Уразалин сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу
Шалкар Уразалин сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу


Уразалин Шалхар Сапарович, 1972-жылы Казакстандын Семипалатинск облусунда туулган. Жогорку билимдүү экономист. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. 29-сентябрда камаккка алынган. 1996-жылы 3 жыл эркинен ажыратылган.







Алмаз Игиликов сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу
Алмаз Игиликов сот отурумунда, Алматы 2011-жылдын 11-июлу





Игиликов Алмаз Муратович, 1971-жылы Семей шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Мурда соттолгон эмес. Атайын орто билимдүү. Жумушсуз. 2011-жылдын 3-февралында камакка алынган.





2009-жылы 16-декабрда көз карандасыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде колу-буту таңылып туруп ыргытылган. 6 күн ооруканада эс учуна келе албай жатып 51 жашында көз жумган. Кыргызстандын жарандык коому менен бир катар эл аралык уюмдар журналисттин өлүмүн анын кесиби менен байланыштырып, буюртма өлүмдү уюштурган деп ал кездеги бийликти ачык айыптаган.

Ибрагим Рустанбек деген адабий ысымды алган Геннадий Павлюк өз учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген. “Белый параход” жана “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезиттеринин башкы редакторлук кызматтарын аркалаган. Өмүрүнүн акыркы кезинде "Ата Мекен" деген оппозициялык маанайдагы интернет басылманы чыгаруунун үстүндө жүргөн.
XS
SM
MD
LG