Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

"Хамас" менен Израил абактагыларды алмаштырууга келишти


Израил мындан 5 жыл мурда палестиналык "Хамас" террордук уюмунун колуна түшүп калган аскер кызматкери Гилад Шалитти өткөрүп алуу үчүн өз түрмөлөрүндө жаткан 1000 кишини бошотуп берет. Кармалгандарды алмаштуруу эки баскычта жүрөт. Алгач Израил камоодогу 450 кишини бошотот, андан кийин "Хамас" Шалитти өткөрүп берген соң абактагы дагы 550 адамды бошотот.

"Азаттыктын" кабарчысы Эла Котлердин маалымдашынча, Шалитти бошотуу үчүн Израил миңден ашык палестиналык эркинен ажыратылгандарды, анын ичинде террордук чабуулга катышканы үчүн өмүр бою абакка кесилген бир нече кишини да берет.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху "бул макулдашуу үчүн сүйлөшүүлөр узакка созулган кыйынчылыктар менен коштолду, мынча көп сандагы кылмышкерди бошотуу капысынан эле болгон жок. Бирок Жакынкы Чыгыштагы абал Гилад Шалиттин өмүрүнө кооптуу болгондуктан ушундай чечимди тез арада кабыл алууга түрттү", - деди.

"Хамастын" лидери Халед Машал жетишилген келишимди "Палестин элинин чоң ийгилиги" деп атап, бул палестиндиктердин биримдигинин белгиси экенин, бошотулгандардын арасында дээрлик бардык террордук уюмдардын өкүлдөрү бар экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG