Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар азайды


Былтыр Баткен облусундагы тажик-кыргыз чек арасында 27 окуя катталса, быйыл мындай 5-6 эле талаш болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Эратов билдирди. Анын айтымында, чек араны делимитация, демаркация иштери бүтө элек. Бирок Тажикстан менен райондук, облустук деңгээлде сүйлөшүүлөр бир системага салынып калды. Райондук деңгээлдеги жолугушуулар ар бир кварталда, облустук жолугушуулар жылына эки жолу өтүп турат.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG