Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Батыров соттук куугунтукту токтотууну суранды


Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы башчысы Кадыржан Батыров өзүнө байланышкан соттук териштирүүнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, 11-октябрдагы соттук отурумга Батыров менен чогуу соттолуп жаткан эки кишинин иштерин кайра иликтөөгө жиберүү боюнча алардын адвокаттарынан сунуштар келип түштү. Судья Токтосун Жоробеков адвокаттардын да, Батыровдун да өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартты. Кечээ күнкү отурумда 7 жабырлануучу жана 5 күбө көрсөтмө беришти.

Былтыркы июнь окуяларын уюштуруучулар катары соттолуп жаткан Кадыров жана дагы 5 адам боюнча кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотунда каралып жатат. Соттолуучулар өздөрү издөөдө жүрүшөт. Былтыркы улут аралык кагылышууда Ош менен Жалал-Абадда төрт жүздөн ашуун адам набыт болгон. Соттолуп жаткандар аларга коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин билдирип келишет.(RK)

XS
SM
MD
LG