Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Түлеев БШКга арыз берди


Президенттикке ат салышуудан баш тартуу боюнча арызын талапкер Нариман Түлеев Боршайкомго тапшырды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" БШКдан маалымдашты. Ал арыз азырынча карала элек. Президенттикке талапкер болуп катталган 24 адамдын ичинен буга чейин бирөөнүн - Марат Султановдун шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арызы каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган. 11-октябрда ат салышуудан чыгып жаткандыгы тууралуу дагы бир талапкер - Акылбек Жапаров да билдирди. Анын арызы азырынча БШКга келе элек. Шайлоого катышам деп чыккан сексенден ашуун адамдын арасынан 24ү гана расмий каттоодон өтө алган. (RK)

XS
SM
MD
LG