Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

“Тамеки тартсаңар таяк жейсиңер, кыздар!”


Кыргызстанды башкарууга белсенип, ажолука ат салышып, бирок кол топтой албай жарыштан чыккан Өмүрбек Бөлтүрүков деген оригиналдуу бир киши бар. Коомдук транспортто айымдарга орун бошотпогон эркектерди эл көзүнчө эле ашата сөгөт. Алгач уккандын баары ал кишини жек көрүү менен кабыл алышчу, талдап көрсөм жарыктык Өмүрбек аганын бул аракети мезгил талабы окшойт. Айласыз, аргасыз ошол кадамга барат тура.

Айтайын дегеним, бир жолу Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде күндүзү эле аялдамада тамеки тартып турган кызды Бөлтүрүков аксакал көтөргөн баштыгы менен башына чапкылап, чунак кыз тамекисин ыргытып, жалынып жалбарганда гана койо бериптир. Бул окуя шаар жаштарына шамалдай тарап, “кто он вообще” деп шаардык кыздардын кыжыры кайнаган болчу. "Аттиң, Америкада болгондо Бөлтүрүков ушул жоругу үчүн түрмөдө отурмак" деп көбү баш чайкады.

Бирок шаарды көк түтүнгө буулаган жоон топ жаштарды жалгыз карыя токтото алчудай эмес. Жаш жигиттер, ал тургай 18 жаштагы секелек кыздар көчөдө тамеки тартууну жашырбай калышты. Улуу киши келатса калп эле көрмөксөнгө салышат. Мурдагы чакырылыштын депутаттары тамекинин кутучасына "Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян" деп олчойгон көлөмдө жаздырып да көрүштү, мыйзамдын күчү менен. Жардам берчүдөй түрү жок.

Ошол эле кутучанын жарымын ээлеген эскертүүнүн алдындагы "жашы жете электерге сатууга тыюу салынат" деген жазууну окуп койгон киши жок. Өкүнүчтүүсү, коомдук транспортто да автобустун айдоочулары тамеки түтөтүп, жүргүнчүлөрдү көк түтүнгө булайт. Дарыгерлер болсо оорулардын 70 пайызы тамекиден чыгарын, кан тамыр оорулары, гипертониялык оорулар, баштын оорусу, дем алуунун кыйындашы, язва кызыл өңгөч рагына, өпкөнүн ар түрдүү ооруларынын башаты болуп эсептелип, мунун айынан жылына беш миллионго чукул адамдын өмүрү кыйылат экен. Буга тамеки сүйүүчүлөрү кызыгышпайбы же билип туруп ошого өздөрү кайылбы – таң калычтуу.

Окурман, сиз жашаган шаарда, Кыргызстандабы же чет өлкөдөбү мектеп окуучулары тамеки тартып, ал эми студент кыздар көчөдө ачык эле түтөтүп жүргөн көрүнүштөр барбы? Же мен айылдан жаңы эле борборго келип, шаардык кыздар көзүмө ошондой көрүнүп атабы? Айтор, канткен күндө да Өмүрбек Бөлтүрүков аксакалдын аракети суу кечпей калууда. Бөлтүрүков жалгыз, беркилердин саны болсо миңдеп саналат...

Бегайым Асеева
XS
SM
MD
LG