Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Багдадда бомба чабуулдары 15 адамдын өмүрүн алды


Бүгүн Багдаддагы полицияканаларга жасалган бомба чабуулдарынан кеминде 15 киши набыт болуп, 50дөй адам жараат алды. Ирак бийликтеринин билдиришинче, Багдаддын түндүк бөлүгүндөгү шиит калктуу Хуррия районундагы полицияканага эки жанкечти койгон бомба чабуулунда 11 киши өлүп, 40тан ашуун адам жарадар болгон.

Багдаддын түштүгүндө жанкечти минген унаа полициякананы сүзүп, андан үч адам набыт, алты киши жарадар болгон. Багдаддын батышында полициянын черүүсүн туштай автомобилге коюлган бомба жарылганда бир адам набыт болуп, беш киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG