Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

ЕБ Словакияны еврофонд боюнча добуш берүүнү тездетүүгө чакырды


Европа Биримдиги Словакияны тез арада Европанын финансылык стабилдүүлүгү фонду боюнча жаңы добуш берүүнү уюштурууга чакырды. 11-октябрда словак парламенти евромейкиндикти стабилдештирүү фондун кеңейтүүгө каршы чыгып, коалициялык өкмөт кыйраган. Евробиримдиктин президенти Герман ван Ромпей жана Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу бүгүн чогуу жасаган кайрылууда 440 миллиард евролук корду көбөйтүү “бардык евроөлкөлөрдүн, анын ичинде Словакия калкынын кызыкчылыгына ылайыктуу” экенин эске салышты.

Евромейкиндиктин лидерлери аталган фонд карызга баткан Грекия сыяктуу мамлекеттерге жардамдашуу жана банктарды жөлөп-тайоо үчүн рыноктон өкмөттүк бонддорду сатып алуусун каалайт.

XS
SM
MD
LG