Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Масалиев шайлоого катышпоо ниетин билдирди


Президенттикке талапкер болуп катталган Исхак Масалиев шайлоого катышпоо ниети бар экенин "Азаттыкка" ачыктады. БШКга бул боюнча арыз түшө элек. Масалиев талапкер болуп катталуу үчүн бардык шарттарды аткарган. 10-октябрда өткөрүлгөн чучукулактын негизинде ал шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин тизмесинде 7-номерди ээлеген. Президент болом дегендердин саны 80ге жеткен. Бирок катталган талапкерлердин саны 24 болгон. Алардын ичинен экөө расмий, дагы экөө бейрасмий түрдө ат салышуудан баш тарта тургандарын айтып чыгышты. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG