Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Батыровдун соту эмнеге создугууда?


Кадыржан Батыров Жалал-Абадда, 2010-жылдын 11-апрели.
Кадыржан Батыров Жалал-Абадда, 2010-жылдын 11-апрели.

Айыпталып жаткан тараптын жактоочулары ишти кароону кайрадан тергөөгө жөнөтүүнү соттон өтүнүштү.

Издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров өзү да соттук териштирүүлөрдү токтотуп туруу боюнча сотко кат жөнөткөн. Ал арада парламентте айрым депутаттар батыровчулардын соту атайылап создуктурулуп жатат деп сынга алышты.


Ишти кайра тергөөгө жөнөтүү талабы

Кемчиликтер тергөөдө көп кеткен. Мен жактаган адамды бир эле жолу чакырып туруп, анан өзү турсун менин катышуумсуз эле тергөөнү бүтүрүп койушкан. Айып койуунун эрежелери бузулган... Назгүл Сүйүнбаева

Жалал-Абаддагы сотто айыпталуучулардын жактоочулары кылмыш ишиндеги бир катар өксүктөрдү жөнгө салуу үчүн аны кайрадан тергөөгө жөнөтүүнү талап кылышты. Коогалаңды уюштурган жана козуткан деген шек менен Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Махаматрасул Абакжанов, Абдрахман Абдуллаев жана жергиликтүү телеканалдардын жетекчилери Халилжан Худайбердиев менен Жавлон Мирзоходжаевдерге сыртынан айыбы угузулуп, издөө жарыяланган болчу.

Мирзоходжаевдин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ишти кайра тергөөгө жөнөтүү талабын койууга негиз берген айрым жагдайларды белгиледи:

- Кемчиликтер тергөөдө көп кеткен. Мен жактаган адамды бир эле жолу чакырып туруп, анан өзү турсун менин катышуумсуз эле тергөөнү бүтүрүп койушкан. Айып койуунун эрежелери бузулган. Далилдер жана көрсөтмөлөр бурмаланган же такыр эле жок. Айыптоодо “Мезон” аркылуу Батыровдор чакырык жасашкан деп айтылат. Бирок кылмыш ишинде андай далилдер жок да. Булар Мирзаходжаев боюнча кылмыш иши ал Батыровдор менен келишип алып иштеген деген курулай эле жалаага негизделген. Биз ошондуктан тергөөнүн башынан баштап жүрүшүн өтүнгөн болчубуз.

Айыпкерлердин бири Кадыржан Батыров соттун чечими чыга электе эле аны коогалаңды уюштурган деп мүнөздөгөн Жогорку Кеңештин токтомуна кол койгондугу үчүн парламент спикери Акматбек Келдибековду сотко берген болчу. Мына ошондуктан ал аталган доо арыз каралганга чейин июнь окуясы боюнча териштирүүнү токтотуп туруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Бирок Назгүл Сүйүнбаева сот келтирилген өтүнүчтөрдүн бардыгын кароодон баш тарткандыгын айтты:

- Сот биздин бардык өтүнүчтөрдү кароодон баш тарткан соң, биз бардыгыбыз биригип туруп жекече даттануу келтирүү менен облустук сотко аппеляциялык негизде кайрылдык. Эгерде ал жактан биздин арыз карала турган болсо анда ишти тергөөгө жөнөтүү боюнча биздин өтүнүч эми ошол деңгээлде чечиле турган болот.


Сот иши үзгүлтүккө учурашына ким күнөөлүү?

Сот улам эле артка жылдырылып жатканында саясат барбы же жокпу? Бул жерде Батыровдо Убактылуу өкмөттүн кыңыр иштери боюнча далилдер болгондуктан анын сотун атайын жылдыртып жатышат деген сөздөр болуп жатат?..Заирбек Жоошбеков

Аталган соттук териштирүү буга чейин да бир нече ирээт артка жылдырылган. Парламентте тергөөнүн сапаты жана соттун жүрүшүн сындаган төрага Акматбек Келдибеков башкы прокурор Аида Саляновага соттун жүрүшүнө кайсы бир тарап таасир этип жатышы мүмкүн деген шектенүүсүн билдирди:

- Сиз ошол сотко бул жогору жактан буйрук берилип жаткан жок деп бардык жоопкерчиликти мойнуңузга ала аласызбы? Көзөмөл болуп жатат дегениңер менен карап көргүлөчү, батыровдордун соту он жолу артка жылдырылды. Ал эми Батыров болсо азыр бүтүндөй парламент менен соттошкусу келип жүрөт. Ушул туурабы?

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Заирбек Жоошбеков коомчулукта батыровчулардын сот иши атайылап создуктурулууда деген имиштер тарап жаткандыгына токтолду. Ал июнь окуясы боюнча аталган иштин создугуп жатышында кандай себептер бар экендигине кызыкты:

- Батыровдордун соту улам эле артка жылдырылып жатканында саясат барбы же жокпу? Ушундай сөздөр болуп жатат. Бул жерде Батыровдо Убактылуу өкмөттүн кыңыр иштери боюнча далилдер болгондуктан анын сотун атайын жылдыртып жатышат деген сөздөр болуп жатат? Деги соттун жылдырылышынын чыныгы себептерин түшүндүрүп бериңизчи?


Сапатсыз тергөө, санааркаган журтчулук
Бул иште эч кандай саясат жок. Ушундай татаал иштерди кароодо мындай үзгүлтүккө учураткан кырдаалдар көп эле болот... Аида Салянова

Ошол эле учурда башкы прокурор Аида Салянова сот ишинин улам артка жылдырылып жаткандыгын кадимки мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады. Салянова мындан кандайдыр бир саясий себептерди издегенге негиз жок экенине токтолду:

- Бул иште эч кандай саясат жок. Көп эле сот иштеринде, айрыкча ушундай татаал иштерди кароодо мындай үзгүлтүккө учураткан кырдаалдар көп эле болот. Мен бул сот ишинин жылдырылышын сотко тараптардын бири келбей калып, кийинкиге калтырылган башка сот жараяндары сыяктуу эле белгилүү бир себептерден улам артка жылдырылып келди деп ойлойм.

Башкы прокурор иш соттун өндүрүшүндө тургандыктан ага кийлигишүүгө акысы жок экендигин да эскертти. Бирок ошол эле учурда КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков июнь окуясы боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштеринин сапатына жана соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүнө көзөмөлдүк кылууга прокуратура органдарынын жооптуулугун эске салды:

- Эгерде ошол тергөө ишинин чен өлчөмү, сапаты жана мөөнөтү туура келбесе ал прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынышы керек да. Мына ошондой болбогондуктан улам ар кандай сөздөр чыгып жатат. Мына ошол батыровдорду бирөөлөр качырып жибериптир жана аны бийликтен бирөөлөр коргоп жатыптыр деген сыяктуу имиштердин чыгышына өбөлгө түзүп жатасыңар.

Кадыржан Батыров баштаган өзбек улуттук маданий борборунун беш өкүлү июнь окуясынын алдында улуттар аралык кастыкты козуткан жана алдын-ала куралдуу топторду уюштурган деп айыпталышууда.

Улуттук жана депутаттык комиссиялардын тыянагында да Кадыржан Батыровдун өзбек тектүү жарандардын арасында көтөргөн ураандары июнь окуясынын чыгышына түрткү болду деп көрсөтүлгөн. Бирок июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия анын улут аралык кагылыштын чыгышына катышы бар экендигин тастыктай турган далилдер табылбагандыгын белгилеген.
XS
SM
MD
LG