Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Кыргызстандын өнүгүү программасы жарыяланды


Экономикалык тескөө министрлиги Кыргызстанды 2014-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялады. Ал программа өкмөт тарабынан жактырылып, парламенттин кароосуна жиберилди. Алдыдагы 3 жыл аралыгында 8 млрд. 300 млн. долларга бааланган 40 улуттук долбоорду турмушка ашыруу, мына ошол аркылуу экономиканын өсүшүн жыл сайын 8% жеткирүү каралган. 40 долбоордун ичиндеги негизгилер катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Датка-Ходжент, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу, Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында 4 ГЭСти куруу, алтын кендерин иштетүү, айыл-суу чарбасында 400 млн. долларга жакын долбоорлорду аткаруу каралган.Өкмөт “Центеррадагы” акцияларды күрөөгө коюп, насыя алуу пландаган. Ал насыя жаңыдан түзүлө турган Өнүктүрүү банкында топтолот. Ал банк иппотека, лизинг жана ишкерлерге насыя берүү багытында иш жүргүзөт. Өкмөт ошондой эле текшерүү, уруксат берүү тармактарын реформалап, аларды кыскартууну көздөп жатат. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG