Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Учакты жардырууга аракеттенген нигериялык айыбын моюндады


2009-жылы америкалык жүргүнчү ташыган учакты жардырууга аракет жасаган нигериялык Фарук Абдулмуталлаб муну "АКШ катышкан жаңжалдарда набыт болгон мусулмандар үчүн өч алуу" деп сыпаттаган.

Абдулмуталлаб 2009-жылдын декабрында Амстердам-Детройт каттамы боюнча жүргүнчүлөр ташыган учакта ич кийимине жардыргыч затты катып алып, аны жардырууга аракеттенгенде шайманы иштебей калып, аны жүргүнчүлөрдүн өздөрү кармаган болчу.

Фарук Абдулмуталлабга сот өкүмү 12-январда угузулат. Байкоочулардын белгилешинче, айыбын мойнуна алгандан соң Фарук өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG