Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Ливияда Каддафинин баласы кармалганы кабарланууда


Бийликтен кулатылган Муаммар Каддафинин уулдарынын бири Мутасимдин кармалганы боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар түшүүдө.

Улуттук өткөөл кеңештин бир катар өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Мутасим Сирт шаарында кармалган, андан кийин сурак бериши үчүн Бенгази шаарына жеткирилген. Бирок ошол эле Улуттук өткөөл кеңештин Бенгазидеги кээ бир өкүлдөрү Мутасимдин кармалганы боюнча маалыматты ырастай албасын билдиришти.

Мутасим Каддафи кланынынын таасирлүү өкүлдөрүнүн бири болгон, атасынын бийлигинин тушунда улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин кызматын ээлечү.

Франс-Пресс агенттигинин кабарына караганда, Сирт шаарынын эки районунда Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү менен Каддафинин жактоочуларынын урушу уланууда.

Улуттук өткөөл кеңештин өкүлдөрүнүн айтымында, Сиртти толук бошотуу үчүн кеминде үч күн талап кылынат.

XS
SM
MD
LG