Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Сауд Аравия Иранга карата чечкиндүү кадамдарды караштырууда


Сауд Аравия Иран уюштурду делген кутум боюнча чечкиндүү кадамдарды караштырууда. Мамлекеттик SPA жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүдө Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчисинин өмүрүнө кол салуунун мерчемделиши "кыжырдантчу жана жийиркеничтүү иш" катары айыпталып, АКШ менен бул маселе боюнча байланыш жана координация улантылары белгиленген.

Ушул аптада АКШ бийликтери теги боюнча ирандык эки кишиге Иран бийликтери менен Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейирди өлтүрүү максатында кутумга барган деген айып койгон.

Сауд Аравия тараткан билдирүүдө Эр-Рияд өз коопсуздугуна туулган коркунучтар менен күрөшүү жана эл арасында ажырым салынышын алдын алуу үчүн “чечкиндүү чараларды жана кадамдарды караштырууда” деп айтылат.

Мындай билдирүү АКШ президенти Барак Обама кутум боюнча сауд падышасы Абдалла менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин жасалды.

Иран болсо АКШ жарыялаган кутумду америкалыктардын көңүлүн экономикалык көйгөйлөрдөн буруу үчүн ойдон табылган иш катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG