Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Казак президенти дин боюнча жаңы мыйзамга кол койду


Президенттин басма сөз кызматы бүгүн тараткан түшүндүрмөгө караганда, бул документ “диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдарды алардын макамын жана ишмердигин так аныктоо, зарыл укуктук чектөөлөрдү коюу менен” жаңылоого багытталган. Казакстанда дин жаатындагы көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын президент Нурсултан Назарбаев соңку ирет быйыл сентябрда парламенттин күзгү сессиясынын ачылышында айтып чыккан эле.

Жаңы мыйзамдын долбоору парламентке президенттин ушул билдирүүсүнөн кийин сунуш кылынган. Адам укугун коргоочулар мыйзамдын негизги жоболорун сынга алышкан. Эл аралык “Фридом Хаус” уюму мыйзам казакстандыктардын дин тутуу эркиндигин бузушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG