Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Бабанов: Араб өлкөлөрү менен инвестициялык форум өткөрүлөт


Араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык мамилелерин чыңдоо күчөтүлөт. Бул тууралуу "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыккан өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоодон кийин атайын инвестициялык форум өткөрүү пландаштырылууда. Жакында Бишкекте Сауд Аравиясынын элчилиги ачылган. Араб өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүп, ал жактан инвестиция тартуу жагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин Өмүрбек Бабанов айтты. Анын оюнча, бул багытта азырынча боштук бар.(RK)

XS
SM
MD
LG