Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Садыркуловдун иши аягына чыгабы?


Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан, 2009-жылдын 12-апрели.
Медет Садыркуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан, 2009-жылдын 12-апрели.

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кармалган генерал Замир Молдошевдин жакындары аны үй камагына бошотуу талабы менен чыкты.

Мындан мурда ушул эле иш менен кармалган генерал Расул Раимбердиевдин туугандары митингге чыккандан кийин андан тил кат алынып, коё берилген. Мындан улам Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча тергөө иши акырына чыгабы деген күмөн саноолор жаралууда.

Молдошев камакта кала берет

13-октябрда Замир Молдошевдин жакындары Бишкекте жана Ошто маалымат жыйынын өткөрүп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты.

Молдошевдин адвокаты Кантемир Турдалиевдин айтышынча, 5-октябрда Бишкек шаардык соту 13-октябрдан тарта Молдошевди үй камагына чыгаруу чечимине келген. Бирок эки күндөн кийин Ички иштер министрлигинин тергөө тобунун өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту аны 9-ноябрга чейин камакта калтыруу боюнча чечимин чыгарган.

Замир Молдошев, 2009-жылдын 5-марты.
Замир Молдошев, 2009-жылдын 5-марты.
Муну адвокат Кантемир Турдалиев тергөөгө карата кысым жана мыйзам бузуу катары баалап жатат.

- Камакта 9-ноябрга чейин калсын деген жаңы чечим алып койду. Бул жогору жактан кысым болуп жаткандай ой калтырып жатат.

Бул күнү ошондой эле Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында Замир Молдошевди убактылуу кармоочу жайдан чыгаруу талабы менен жакындары митингге чыгышты.

Замир Молдошев 13-сентябрда кармалып, ага кызматынан кыянат пайдаланган, кылмышты жашырган деген айыптар коюлууда. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 2009-жылы Чек ара кызматынын башчысы болуп турган Молдошев чек арадан өтүп келе жаткан Медет Садыркуловду “Ак жол” постунан токтотуу боюнча көрсөтмө алган.

Тергөө, иликтөө иши уланууда

Байкоочулар бул чуулгандуу ишке катышы бар делген адамдардын жакындарынын нааразычылык акциясына чыгышы тергөө ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүндүгүн айтышууда. Бул иш боюнча камакка алынган ИИМдин мурдагы орун басары Расул Раимбердиевдин жакындары митингге чыккандан кийин андан тил кат алып коё беришкен.

Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыгы болуп, автоунаалар күйүп кетти делген жер, 2009-жылдын 13-марты.
Аламүдүн капчыгайындагы жол кырсыгы болуп, автоунаалар күйүп кетти делген жер, 2009-жылдын 13-марты.
Ал эми талдоочу Токтогул Какчекеев каза болгондордун жакындары да күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышын талап кылып чыгышы ыктымал экендигин белгиледи.

- Эгер Садыркуловдун туугандары жана дагы эки адамдын жакындары кунун алабыз деп чыкса кандай болот?

Медет Садыркуловдун, анын айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана талдоочу Сергей Слепченконун өлүмү боюнча жалпысынан 16 адам кармалганы айтылган. Ошондой эле бул ишке катышы бар делген дагы төрт адам Тажикстанда колго түшүрүлгөн болчу. Бирок ИИМ бүгүнкү күнгө чейин дагы канча адам кармалып, кимдер сурак берип жатканы, тергөө иши качан аяктарын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкталбасын билдирди.

Ал эми учурда тергөө иштери уланып жатканын ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов айтууда.

- Бул боюнча бир топ киши суракка алынды, тергөө жүрүп жатат. Кийин да суроолор болбошу үчүн бул ишти аки-чүкүсүнө чейин тактап, анан кийин сотко өткөрүп бериш керек. Ошон үчүн азыр иш жүрүп жатат.

Акыркы чечим таанылабы?

Анткен менен байкоочулар буга чейин тергөөгө байланыштуу көп маалыматтар жарыяланып кеткендигин, андыктан бул кылмыш ишинин тегерегинде оюндар да жүрүп жатышы мүмкүндүгүн жокко чыгарышпайт.

Талдоочу Токтогул Какчекеев болсо кандай гана тоскоолдуктар болбосун бул чуулгандуу ишти аягына чыгарып, күнөөлүүлөр жазаланышы керек деп эсептейт.

Жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар.
Жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар.
- Анткени эртеңки күнү да бир адам бирөөгө зыян, карасанатайлык кылбай, басмырлабашы үчүн ушундай чечимге барышыбыз керек. Бийик кызматта иштеп, баңгизатка, буйрутма өлүмдөрдү уюштурууга катышкан адам бул мыйзамдын алдында кылмышкер болуп эсептелет.

Бирок тергөө аяктап, сот иши акыры чыкканы менен анын мыйзамдуулугу күмөн жаратышы мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бул иш боюнча буйрук бергендерди да жазага тартуу зарылдыгын белгиледи.

- Анткени түздөн-түз күнөөсү бар адамдарды алып келмейинче, бул ишти калыс өттү деп айтууга негиз болбой калат. Ошондуктан Бакиевдерди кандай гана жол менен болбосун, эл аралык коомчулукту ортого салабызбы, эмне кылган күндө да жердин жети түбүнөн болсо да алып келишибиз керек.

Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана талдоочу Сергей Слепченко 2009-жылы 13-марттын түнүндө Казакстандан келе жатып, белгисиз жагдайда каза болгон жана алардын өрттөлгөн унаасы ошол күнү Аламүдүн капчыгайынан табылган. ИИМ бул буйрутма өлүм экендигин, аны мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев уюштурганын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG