Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Австрия президенти Түркмөнстанда жүрөт


Хайнц Фишер Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен түркмөн газын Европага жеткирүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бердымухаммедов анын өлкөсү чет өлкөлүк өнөктөштөр менен газ соодасын диверсификациялоо саясатын көздөп жатканын белгилеп, бул багытта Кытай, Ооганстан, Пакистан, Индия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Президент Бердымухаммедов кошумчалагандай, Транс Каспий куурун төшөө боюнча сүйлөшүүлөр түркмөн газынын европалык базарга чыгышына жол ачат. Мурда түркмөн расмий өкүлдөрү бул темадан буйтактап, Ашхабад кызыкдар тараптардын баары менен кызматташууга даярдыгын гана айтып коюшчу.

Евробиримдик Каспий чөлкөмүнүн газын Австрияга Орусия аймагына кирбестен алып келүүнү караган "Набукко" долбооруна Түркмөнстан менен Азербайжанды тартууга үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG