Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Казакстан чек арадан жөө жүк ташыгандарды чектөөнү көздөйт


Бул тууралуу Казакстандын каржы министринин орун басары Руслан Даленов Алматыда Бажы биримдиги менен ЕврАзЭстин келечегине арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Каржы министрлигине караган Бажы комитети коммерциялык жүк үчүн бажы салыгын төлөөдөн качып 50 килограммдан жүк алып өткөндөргө бөгөт коючу атайын буйрук чыгарды.

Казакстан, Беларус, Орусиянын Бажы биримдиги быйыл 1-июлдан тарта толук кандуу иштей баштагандан бери эки өлкөнүн соодагерлери жүктү майда партиялар менен ташуу ыкмасына өтүшкөн эле. Бул үчүн алар чек арадан күнүнө бир нече ирет өткөн жөө жүк ташуучуларды жалдашууда.

Мындан улам казак-кыргыз чек ара бекеттеринде кезек күтүүлөр көбөйгөн. Казакстандын Бажы комитетинин өкүлү Аян Көлбайдын Астанадагы басма сөз жыйында айтканына караганда, маселен "Кордай" бекетинде жүк ташуу менен алектенген адамдар күнүнө 250дөн 350гө чейин жетет.

XS
SM
MD
LG