Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Египеттеги кагылышууну аскер прокурору териштирет


Египеттин аскер прокурору коопсуздук күчтөрү менен христиан коптордун 10-октябрдагы кагылышуусу боюнча абалды териштирүүнү өз көзөмөлүнө аларын билдирди. Мурда бул иш боюнча жарандык прокуратура алектенген болчу. Активисттер бул чечимди сындап чыгышты.

10-октябрда Каирде Асуан провинциясында чиркөөгө кол салууга кыжырдаган миңдеген христиан мамлекеттик сыналгынын алдына чогулуп, полицияга май куюлган бөтөлкөлөр менен таш ыргытып, бир нече унаалар өрттөлгөн. Кагылышуу убагында набыт болгон 26 кишинин көпчүлүгү аскердик оор техникалардын тебелендисинде калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG